2025-жылдын 10–11-июнь күндөрү Таш-Көмүр шаарында адатка айланып, жаш өспүрүмдөрдүн келечегине даңгыр жол салуу, ден соолугун бекемдөө, маданиятты өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти арттыруу, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, коомдун өсүп-өнүгүшүнө жакындан салым кошуу максатында, башка келечек муундарга үлгү, сабак катары 3 жылдан бери шаарыбызда спорттун эң алдыңкы түрү болуп эсептелген футбол оюну уюштурулуп өткөрүлүп келе жатат.
Бул иш-чараны өткөрүп келе жатышкан шаар кулундары — 1985-жылы туулган эр азаматтар.
Мына ушул аталган футбол оюну жаш өспүрүмдөр арасында быйылкы жылдын эсебинен Кызыл-Алма аймактык башкармалыгында жайгашкан спорттук футбол аянтчасында болуп өттү.
Оюнга облусубуздун бардык район-шаарларынан эң мыкты аталган оюнчулар келишип, эки күн катары менен өткөрүлдү.
Өткөрүүгө катышкан уюштуруучулар тобу, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы С. Кудайбердиев, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А. Маданбеков, Кызыл Алма аймактык башкармалыгынын башчысы К. Топчубек уулу ачылыш аземинде өз каалоолорун айтуу менен бирге ар бир командага ийгиликтерди каалашты.
Күчтүү тренерлердин алдында тарбия алып машыккан жаш өспүрүмдөр мыкты оюнчулар экендигин көрсөтүшүп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган кубок, медалдар, кызыктыруучу сыйлыктар, грамота, дипломдор менен сыйланышты.
Бул оюнду алып чыгууга талыкпай иштеп келе жатышкан тренерлерге да мактоо баракчалары тапшырылды.
Уюштуруу тобуна ийгиликтерди каалоо менен, дагы башка спорттук оюндун түрлөрү боюнча да колдоо көрсөтүп, алдыга карай кенен кадам таштап, шаарыбызга өз салымдарын кошооруна ишенебиз.
Жаш өспүрүмдөргө ийгиликтерди каалап, дүйнөлүк оюндарга катышышып, шаарыбыздын атын чыгарышына тилектешпиз.
Редакция.




















No responses yet