16.05.2024

Таш-Көмүрлүк жаш спортчу Байтур Абжалбеков кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду.🥇🥇🏆🏆

0

2022-жылдын 14-23-октябрь аралыгында Түркиянын Анталья шаарында армрестлинг жана параармрестлинг боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Анда спортчулар өспүрүмдөр, чоңдор, ардагерлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында күч сынашууда.

43-жолу өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде 60 өлкөдөн 1500 спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандан 30 спортчу барган.

Таш-Көмүр шаарынан 4 спортчу катышып жатат:

  1. Ибрахимова Дарья, 50 кг. салмакта өспүрүмдөр арасында.
  2. Абжалбеков Байтур, 55 кг. салмакта өспүрүмдөр арасында.
  3. Карадонов Калыйнур, 70 кг. салмакта чоңдор арасында.
  4. Жээнкулов Асан, 90 кг. салмакта, ардагерлер арасында.

Өспүрүмдөр арасында өлкө намысын коргогон шаарыбыздын тургуну, 13 жаштагы Байтур Абжалбеков оң жана сол кол менен күрөшүп, экөөндө тең 1-орунду алып, 2 алтын медаль тагынды.

Жаш спортчу ушул жылдын апрель айында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Азия чемпионатында оң жана сол кол менен күрөшүүдө да алтын медаль утуп алган. Аны мелдештерге даярдаган машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев.

Кол күрөш боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы дүйнө чемпионатынан 2 алтын жана 1 коло медаль менен жалпы 3 медалга ээ болду.

 

About The Author

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген