Пресс-релиз
Таш-Көмүр шаарынын депутаттары үчүн «Социалдык -экономикалык программаны иштеп чыгуу: инклюзивдүү өнүгүү» темасында тренинг өттү
2025-жылдын 2-июлунда Таш-Көмүр шаарында шаардык кеңештин депутаттары үчүн “СЭӨП иштеп чыгуу: инклюзивдүү өнүгүү” темасында окуу-тренинг өткөрүлдү. Иш-чара Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен стипендиат Мунара Мамадалиева тарабынан уюштурулду.
Тренингдин негизги максаты — депутаттардын потенциалын жогорулатуу, аларга туруктуу өнүгүү үчүн СЭОП (шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планы) документин иштеп чыгууда инклюзивдүүлүктү камсыздоо тууралуу түшүнүк берүү болду. Иш-чарада инклюзивдүү өнүгүүнүн мааниси, жарандардын жана калктын ар түрдүү катмарларынын муктаждыктары кандай эске алынышы керектиги тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
Мунара Мамадалиева белгилегендей: «Инклюзивдүүлүк – бул социалдык адилеттүүлүк гана эмес, ошондой эле шаардын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Депутаттар бул жараянда чечүүчү ролду ойнойт».
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарышып, СЭОП документинде гендердик, социалдык жана экологиялык аспекттерди эске алуу жолдору боюнча иштешти.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындан аркы ишмердүүлүктө инклюзивдүү мамилелерди колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, тренингдин пайдалуу болгондугун айтышты.
Маалымат үчүн байланыш:
Мунара Мамадалиева






No responses yet