Түндүк аймактык башкармалыгына караштуу «Түндүк»клубунда ички ремонт иштери жүргүзүлүп жаткан учурунда шаар мэри К.Б. Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен биргеликте көзөмөлгө алып, таанышып чыкты.
Клубдун ишке берилүүгө даярдыгы, аткарылган иштердин сапаты жана материалдык-техникалык камсыздалышы боюнча маалымат алды. Ошондой эле, жооптуу жетекчилерге калган иштерди өз мөөнөтүндө бүтүрүп, клубду толук кандуу маданий жай катары ишке берүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
No responses yet