Таш-Көмүр шаарынын 2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 31-июль күнү, Таш-Көмүр шаарынын маданият сарайында шардык аткаруу комитетинин отуруму болуп өттү. Отурумга КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самаев Урмат Обозбекович, Таш Көмүр шаарынын мэри К.Б Бектемиров, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы С.Т Кудайбердиев, аткаруу комитетинин мүчөлөрү жана шаардагы мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты.
📌 Күн тартибинде бир маселе каралды:
1. Шаардын 2025-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алты айындагы жыйынтыгы.
📌 Алгач, 6 ай ичинде шаарда аткарылган жумуштар боюнча мэрдин орун басары, Т. А Мырзабеков маалымат берди.
📌 Шаар мэри берилген жыйынтыктар боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине суроолорду берип, иш жүзүндө аткарылуусун талап кылды.
Шаар ичиндеги жүргөн жүк ташуучу машиналарды тартипке салуу,
Соц контрактын жүрүшү талапка жооп бербегендигин,
Дарыгерлердин жетишсиздиги, сан эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүдө объектилердин бүгүнкү күндөгү абалын кароо тапшырмасы.
Билим берүүдөгү кемчиликтер, жетишпеген мугалимдерди толуктоо маселесин чечүү.Кайсы мектепте билим сапаты эмне үчүн начар экендигин далилдөө. Олимпиада, ЖРТ боюнча алдыңкы жетишкендикке жетүүнү колго алуусун эскертти .
Сөз кезеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самаев Урмат Обозбековичке берилди.
Билим сапатын көтөрүү, суу маселесин,отургузулган бак дарактарга кам көрүүнү, өрт коопсуздугун камсыз кылууну колго алууну тиешелүү жетекчилерге эскертти жана тапшырма берди.
Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самаев Урмат Обозбекович,суу маселесин тез арада чечүүнү, колдон келген жардамын берүүнү убада кылды.
Мамлекет башчыларынын бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштерин мисал кылып, мэрге жакындан жардам берип, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп алдыга умтулууну эскертти .
Шаар мэри К.Б Бектемиров отурумдун жыйынтыгында , мындан кийин да талыкпай иш аракеттерди жасап алдыңкы орундарга чыгууга аракет жасоону баса белгиледи.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *