16.05.2024

Таш-Көмүр шаарынын географиялык түзүлүшү 

            Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад областындагы шаар, 1943-жылы 15-апрелде негизделген. Карамагына Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчалары жана Тещдик айылы кирет. Борбору Таш-Көмүр шаары Нарын дарыясынын ощ жээгинде, Бишкек-Жалал-Абад автомобиль  жолунун боюнда, областтын борборунан 129 чакырым түндүк-батыш тарапта. Республиканын борборунан 450 чакырым.

Түндүк-батыш тарабы Аксы району, түндүк-чыгыш тарабы Ноокен району менен чектешет. Жалпы аянты 48,3 чарчы километр, дещиз дещгээлинен 585 метр бийиктикте. Климаттык шарты мээлүүн континенттик. Январдын орточо температурасы – 10-12 °С. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 6-8 метр, июль айынын орточо температурасы +27,5°С. Жылдык жаан чачын 403мм.

Көп улуттуу калк жашайт. Шаар калкынын жалпы саны (шаарчалар менен) 37447, мунун ичинен: Таш-Көмүр шаарында 19259, Шамалды-Сай шаарчасында-11613, Кызыл-Жар шаарчасында-2415, Теңдик айылында-4160, кыргыздар 86 пайыз, орустар 3 пайыз, өзбектер – 8 пайыз, уйгурлар – 0,3, пайыз, башка улуттар – 2,7 пайыз. Калктын жыштыгы 1 чарчы метр жерге 1,2 адам. Аялдар – 54 пайыз, эркектер – 46 пайыз.

Айланасын тоолор курчаган, ар түрдүү түстөгү тоо тектеринен жана кызыл аскалар, тарыхый үщкүрлөр бар. Шаар аймагында көмүр бассейинин болушу, кенди иштетүү, шаардын негизделүүсүн пайда кылган.

2023-2024-окуу жылында 13 орто, бир башталгыч мектеп, 12 бала бакча, бир кесиптик лицей, 2 жогорку окуу жайы, бир аймактык колледж иштейт жана бир нече өнөр жай ишканалары, курулуш мекмелери, социалдык тейлөө тармагы, маданий мекемелер, банктар жана башка мекеме, ишканалар иштеп жатат.

Таш-Көмүр шаарына караштуу аймактык жана шаарчалык башкамаларды кошкондо, жалпы шаарыбыз боюнча 4 723, 0  га жер аянты бар. Анын ичинен:

Таш-Көмүр шары                                                   236 га;

Шамалды-Сай                                                         136 га;

Кызыл-Жар                                                             252 га;

Микрорайон Аксы                                                  46 га;

Кызыл-Алма                                                            250 га;

Өнөр жай курулуш алдындагы жерлер                1760 га.

 

Ал эми Теңдик аймактык башкармалыгы боюнча 2 043, 0 га жер бар, анын ичинен 897, 0 га айдоо жер (условно) суулу 100% насос менен сугарылчуу.

Мындан:

Үлүш жер                                                                 646 га;

Кайра бөлүштүрүү фондунун жери                       203 га;

Жеке менчик үй куруп алгандар                          48  га;

Көп жылдык бак дарак                                          8 га

Кысыр аңыз                                                            3 га;

Жайыттар                                                                706 га;

Токой тилкеси                                                        26 га;

Бадалдар                                                                 20 га;

Короо алдындагы жерлер                                     144 га;

Башка жерлер                                                         239 га.

 

Таш-Көмүр шаарынын аймагында 16 223 даана кыймылсыз мүлк бар.

Анын ичинен:

599 даана үй;

3862 даана квартира;

131 даана өндүрүштүк багыттагы ишканалар;

745 даана коммерциялык багытында;

24  даана маданият багытында;

63 даана административдик багытында;

18 даана айыл чарба багытында;

467 даана  башка кыймылсыз мүлктөр.

Шаардын картасы: