Шаардык мэрияда аппараттык кеңешме өткөрүлүп, шаар мэри К.Б.Бектемиров жетектеп, Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Таш — Көмүр шаардык маданият бөлүмүнө тапшырылган автоунаа боюнча аталган министрликке ыраазычылыгын билдирүү менен баштады. Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга Инновациялык технологиялар жана Энергетика Институтуна 80626 сомдук тастыктамасын аталган институттун директору Т.Ы. Барпыбаевке тапшырды. Аппараттык кеңешменин негизги маселеси, «Нооруз – 2026» салтанаттуу майрамын жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү маселелерин экинчи ирет тастыктоо максатында каралды. Кеңешменин жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишканаларга майрамдык иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди. Айрыкча, майрамдык программаны даярдоо, шаар аймагын көрктөндүрүү, тазалыкты камсыз кылуу, коопсуздук чараларын күчөтүү жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында, «Нооруз – 2026» майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү жана анын уюштуруу иштеринин аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү жетекчилерге милдеттер жүктөлдү.



No responses yet