Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Э. Жайлообековдун демилгеси менен Токтогул көчөсүндө узундугу 810 метр болгон жол тилкесине жаңы асфальт төшөлүп, салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бул маанилүү иш-чарага жергиликтүү тургундар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров катышышты.
Ачылыш аземинде мэр тургундарды куттуктап, бул жолдун аймактын турмушуна кошкон зор салымы тууралуу өз оюн билдирди жана келечекте мындай долбоорлор дагы улантыла турганын белгиледи.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында даярдык иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү максатында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын атынан Тазалык бөлүмүнө «Желмаян» унаасы тапшырылды.


No responses yet