Бүгүн, 30-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.
Таш-Көмүр шаарында шайлоо участкаларында өз нугунда жүрүүдө. Ар бир участкаларда шайлоочулар катышуусу жакшы.
Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б.Бектемиров №2260 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.А.Боронбаев N2261 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Шаар мэри К.Б.Бектемиров жарандарды шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырып, ар бир добуш өлкөнүн келечегин аныктоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Башка участкаларын тиешелүү жетекчилер өз кызматтарын аткарышып, шайлоо иштери жүргүзүлүүдө.






No responses yet