Бүгүн, 13-февраль — советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылганына 37 жыл толду. Ушул маанилүү датага байланыштуу М.Ирсалиев багында Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарада Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б.Бектемиров, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы Т.С.Кудайбердиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Ооган согушунун ардагерлери катышып, эстеликке гүлчамбар коюшуп, курман болгондорго куран окулуп эскерилди. Эскерүү аземи асманга ок атуу менен коштолду.
Иш-чара концерттик программанын алкагында өттү.
Бул күн — эрдикти эскерип, тынчтыкты баалоонун күнү болуп калды. Эч ким жана эч нерсе унутулбайт!

















No responses yet