Таш-Көмүр шаарында, Кыргыз Республикасынын район -шаардык олимпиадалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин жана балдар өспүрүмдөр спорт мектептеринин «Спорт менен келечекке» аттуу ураандын алкагында район-шаарлардын жаш-өспүрүмдөр арасындагы спорттун түрлөрү боюнча спортко тартуу боюнча тандоо иш чарасы өткөрүлдү.
Бул иш -чара жылына өткөрүлүп турмакчы.
Максаты:-Кыргыз Респубилкасынын Президентинин «Инсандын руханий- адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнундө»Жарлыгын ишке ашыруу.
Аймактарда спорттун түрлөрүн андан ары өнүктүрүү жана жайылтуу;
-Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларын дене- тарбия жана спортко үзгүлтүксүз тартуу;
-дене тарбия жана спортту инсан менен шайкеш өстүрүүнүн эң маанилүү каражаты катары жайылтуу;
-аймактарда жаш-өспүрүмдөрдү, келечектүү спортчуларды тандоо боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү;
аймактарда жалпы билим берүү мектептердин окуучуларынын бош убактысын туура уюштуруу;
-базар экономикасынын механизмдерин дене-тарбия жана спорт чөйрөсүнө киргизүү.




No responses yet