Маалымат
Таш Көмүр шаардык мэриянын алдында түзүлгөн атайын комиссия:
Шаардык мэриянын кызматкерлери, шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, шаардык ички иштер бөлүмүнөн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, шаардык редакция, аймактык башкармалыгынын башчысы тарабынан;
Таш Көмүр шаарынын прокуратурасынын сунуштамасы боюнча;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-августундагы №466-сандуу токтому менен Кыргыз республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун» Эрежелеринин аткарылышы боюнча.Суу жээктеринде жана атайын курулган бассейндерди иштетип жаткан ишкерлер менен жеринде жолугушуп, кооптуу жерлерге жарандарды жолотпой, тазалыктын сакталышы, өрт коопсуздугу боюнча, адам өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөтүүгө:
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы 2025-2030-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө «/765-токтомун жана Кыргыз Республикасы нын Жалал абад областтык ыйгарым өкүлүнүн 2025-жылдын 21-январындагы /7б-буйругун аткаруу максатында чыккан шаардык мэриянын 2025-жылдын 4-февралындагы /35б буйругун ишке ашырууда шаарыбызда атайын мейманканалардын абалын, тазалыгын сактоо боюнча:
Таш Көмүр шаардык прокуратурасынын талабында көрсөтүлгөндөй:
📜 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине ылайык. Көрнөк-жарнактардагы, жарнамалардагы, маалымат такталарындагы, маалымдамалардагы, жазуулардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан көрнөк-жарнактар, жарнамалар, маалымат такталары, маалымдамалар, жазуулар, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде берилиши зарыл экендигин, алар кошумча түрдө расмий тилде жана зарыл болгон учурда башка тилдерде да берилүүгө мүмкүндүгүн. Бул учурда мамлекеттик тилдеги текст негизги орунда туруп, анын көлөмү жана мазмуну башка тилдеги тексттерден кем болбошу керек экендиги;
Мамлекеттик тилде жазылбаган же мамлекеттик тилдин нормаларына туура келбеген көрнөк-жарнактар, жарнамалар, маалымат такталары жана башка жазуулар мыйзамда белгиленген тартипте алып салынаары же оңдолоору тууралуу маалымат жеткирүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.







No responses yet