11-ноябрь Таш-Көмүр шаардык мэриянын жыйындар залында шаар мэри К.Б.Бектемировдун жетекчилиги астында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү. Жыйынга УКМК нын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн начальниги Т.М.Смаилов , мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 7 маселе каралды.
1.»Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ #272 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 15-октябрындагы #205-б буйругун аткаруу максатында, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2025-жылдын 20-октябрындагы #359-б буйругу ишке ашырууда.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы #949-тескемесин аткаруу максатында, Таш-Көмүр шаарынын аймагында энергетикалык системада электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу үчүн ишке алып баруу.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы «Муниципиалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» #42-токтомун аткаруу максатында талап кылуу.
4. Аймактык башкармалыктардын башчыларына-шаар аймагында турак жайларды жана унааларды камсыздандыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү.
5. Мэриянын реалдуу сектору , Салык кызматы , ветеринардык кызмат жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жумушчу топ түзүп, азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүү.
6. Ветеринардык кызмат малдарды вакцинациялоону активдештирсин.
7. Көмүр саткан ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Шаар аймагында күйүүчү майдын запасына мониторинг жүргүзүү.
Андан тышкары жылуулук берүү, шаарыбыздын тазалыгы, таза суу менен камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган жыйындын аягында жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.




No responses yet