Эскерүү иш-чарада апрель окуясында курман болгондорго багыштап куран түшүрүлдү. Токтогул атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими Исабекова Айгүл «Апрель революциясы: себептери, хроникасы жана натыйжасы» темасында аннотация окуду. Шаардык борбордук китепкана тармагы тарабынан сүрөт көргөзмөсү коюлду.
Эскерүү иш-чарасына Таш-Көмүр шаардык мэринин орун басары Мырзабеков Талант Абдыбекович жана шаардык мекеме- ишканалардын жетекчи, кыматкерлери катышты. Мэрдин орун басары Мырзабеков Т. А. эскерүү сөзүн сүйлөп, апрель окуясынын курмандыктары эч качан унутулбай тургандыгын белгилеп, жалпы кыргыз элибизге тынчтык, ынтымак, ден соолук каалап өттү.
No responses yet