Таш-Көмүр шаардык Маданият сарайынын алдындагы борбордук аянтта күн менен түндүн теңелген, жаратылыштын жаңылануусун жар салган улуу Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанаттын расмий бөлүгүндө Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б.Бектемиров жана шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Т. Кудайбердиев Кыргыз эл баатыры А.Кабаевдер бир топ аксакалдар катышышып, шаар тургундарын жана конокторун майрамы менен куттукташты. Өз куттуктоосунда шаар мэри К.Б. Бектемиров төмөнкүлөргө токтолду: «Урматтуу шаардыктар! Нооруз – бул тазалыктын, аруулуктун жана ынтымактын майрамы. Бул күнү ар бирибиздин үйүбүзгө береке, ишибизге ийгилик тилейм. Шаарыбыз өнүгүп, элибизде ар дайым тынчтык болсун»! Шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С. Кудайбердиев, А.Кабаев да элге жакшы каалоо-тилектерин билдиришип, ынтымактын маанилүүлүгүн белгилешти. Дастан аттуу иш-чаранын программасында: Шаарыбыздын чыгармачыл таланттуулары, тарабынан даярдалган улуттук бийлер жана обондуу ырлар тартууланды. Маданият сарайынын чыгармачыл тобу тарабынан Улуттук каада-салттар: Сахналаштырылган көрүнүштөр аркылуу кыргыз элинин байыркы каада-салттары көрсөтүлдү. Атайын көз жоосун алган ата бабалардан уланып келе жаткан боз үйлөр тигилип аянтыбыздын көркүн ачты. Эң мыкты боз үйлөр боюнча конкурс уюштурулуп атайын калыстар тобу тарабынан бааланып, акчалай сыйлык жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Аянттын четинде улуттук спорттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык маанай жогорку деңгээлде коштолуп, шаар тургундары үчүн бул күн өзгөчө шаңдуу болду.































No responses yet