“Таш-Көмүр–Шахтёр” муниципалдык футбол клубунун расмий түрдө ачылыш аземи.
2025-жылдын 30-июнунда Таш-Көмүр шаарында жаңыдан түзүлгөн “Таш-Көмүр–Шахтёр” муниципалдык футбол клубунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. “Жаштык” кафесинде уюштурулган иш-чарага мэр К.Б. Бектемиров, шаардык Кеңештин төрагасы С. Кудайбердиевдер баштаган
шаардык прокуратура кызматкерлери, мекеме — ишканалардын жекчилери жана спорт күйөрмандары катышты.
Ачылыш аземинде Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров, шаардык Кеңештин төрагасы С. Кудайбердиевдер сөз сүйлөп, жаңы ачылган футбол клубунун эмгек жамаатына, клубдун директору болуп дайындалган коомдук ишмер Т.Конкобаевке, клубдун ардагери К Мырзакановко ийгиликтерди каалашты.
“Таш-Көмүр–Шахтёр” клубу жаштарды спортко тарбиялоо жана шаар атын таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болорун баса белгилешти.
Катышуучулар да жакшы каалоо тилектерин айтышты.
Иш-чара Таш-Көмүр шаардык маданият сарайынын чыгармачыл тобу тарабынан даярдалган көркөм концерттик программа менен коштолду.









No responses yet