Таш-Көмүрдө Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү
2025-жылдын 2-июнунда Таш-Көмүр шаарындагы М.Ирсалиев атындагы эс алуу багында Балдарды коргоо эл аралык күнүнө арналган “Улуу мурас – баланын жүрөгүндө” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.Иш-чара Таш-Көмүр шаардык Балдар чыгармачылык үйү тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Сагынбек Кудайбердиев, мэрдин орун басары Талант Мырзабеков жана Таш-Көмүр шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Эргешова катышты. Алар балдарга жана иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн айтып, балдардын келечеги үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Майрамдык программада бала бакчалардын жана мектептердин окуучулары ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мектептер жана бала бакчалар арасында мыкты өнөр көрсөткөндөргө дипломдор тапшырылды. Айрыкча сахнада бийлеген кыздарга оюнчуктар жана балмуздак берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана шаардык кеңештин депутаттарынын атынан балмуздак таркатылды.