Шаар мэри К.Б.Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Кызыл- Жар аймагынын тургундары менен жолугушту

Шаар мэри К.Б.Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Кызыл- Жар аймагынын тургундары менен жолугушту. Акыркы убакта аткарылган алгылыктуу иштердин жүрүшү боюнча маалымат берди. Алдыдагы иш -пландар, аларды ишке ашыруудагы аракеттер боюнча кеңири токтолду. Аталган аймактын тургундарынан, жаштардын колдоосу менен эскилиги жеткен китепканага оңдоо иштери жүргүзүлүп, керектүү спорттук жабдуулар алынып 7 жаштан жогору алыш -күрөш боюнча машыктыруучу залдын ишке кириши, машыктыруучу катары Караев Нуржигит аттуу спорт чеберинин иштеп беришин, жергиликтүү бийлик жер маселесин спорттук жабдууларды чечип берсе кеңейтилген чоң спорттук комплекске айлантууну иш жүзүнө ашыруну сунушташты. Медициналык амбулаториялык шартты түзүп берүү боюнча чоң маселе көтөрүлүп, шаар мэри өз көзөмөлүнө алып, тез арада кароого тиешелүү жетекчиликке тапшырма берди.

«Калк айтса калп айтпайт- дегендей, кулак менен угуп тим болбостон Таш -Көмүр шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын тургундар баса белгилешип, дагы да ийгиликтердин жарала беришине тилектеш экендигин билдиришти, ак баталарын беришти.

 

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *