Шаар тургундары менен жолугушуу уюштурулуп, өткөрүлдү.

Таш-Көмүр шаарынын мэри К. Бектемиров, 13-март 2026-жылы Таш-Көмүр институтунун жыйындар залында «Меңдигулов аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын прокурорунун жардамчысы И.Абдуллаев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Жолугушууда шаар мэри К.Бектемиров, шаарыбыздагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Негизинен канализация, суу жана жылуулук камсыздоосу ж.б.күн тартибине кирген маселелер талкууланды,ошону менен катар коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кыскача баяндама окулду. Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду түздөн-түз мэрге жана тиешелүү адистерге беришти. Көпчүлүк маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилди жана сунуштар айтылды. Сүйлөшүүлөрдө мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын капиталдык оңдоодон өткөрүү, жолдордун абалын жакшыртуу боюнча кадамдар талкууланды. Жолугушуунун аягында катышуучулардан келген негизги сунуштар жана талаптар катталган жана алар боюнча мэрия тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар жүктөлөөрү маалымдалды. Бул иш-чаранын максаты — жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуп, аларды ишке ашырууга багытталган пландарды иштеп чыгуу болуп саналат. Жолугушуу жарандардын активдүү катышуусу менен өттү жана келечекте да мындай форматтагы жыйындар улантылары айтылды.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *