Шаардык мэриянын жыйындар залында аппараттык жыйын өттү

Шаардык мэриянын жыйындар залында аппараттык жыйын өттү 2025-жылдын 10-июнунда шаардык мэриянын жыйындар залында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү. Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Бектемиров , мэрдин орун басары Т.Мырзабеков, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
       Жыйындын алкагында 2010-жылдагы Июнь окуяларын эскерүү менен башталып, аймактык башкармалыктын башчысы куран түшүрдү.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө шаардык маданият бөлүмүнө караштуу Борбордук китепканалар тармагы тарабынан атайын сүрөт көргөзмөлөр коюлду. Анда июнь окуяларына байланыштуу архивдик сүрөттөр жана маалымат материалдары көрсөтүлгөн. Шаардык №4 Т.Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими А. Исабекова аннотация окуду.Аннотацияда Улуттук кагылышуу Ош,Жалал-Абад облусстарынын аймагын дүрбөлөңгө салып, жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген адамдар үй-жайсыз калгандыгы, расмий маалыматтарга караганда 400 дөн ашуун адам каза болгондугу,2000ден ашык адам ар кандай оор жаракаттарды алышкандыгы, 300миңден ашык адам убактылуу башка жактарга көчүрүлгөндүгү маалымдалды.
      Шаар мэри К.Бектемировго сөз берилип, өз сөзүндө июнь окуясынын эки элдин ортосундагы күтүүсүз чыккан кагылышуу адамдардын өмүрүн алып, кайгылуу окуяга айланып, эскерүү күнү катары кабыл алынгандыгын мындан кийин мындай окуялардын экинчи кайталанбастыгын калк арасында бекем ынтымактын сакталышына коомдун өнугүшүнө аткарылып жаткан алгылыктуу иштерибиздин ийгиликтери менен жакшылыктарга жетишибизди баса белгиледи.

        Жыйындын жүрүшү улантылып, шаардык мэриянын 3 айлык көрктөндүрүү,тазалоо, жашылдандыруу маселелери боюнча ишканалар менен жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалымат менен турак жай жана чарба бөлүмүнүн башкы адиси М Акбаралиев тааныштырды. Шаар мэри К Бектемиров тарабынан шаардын тазалыгын сактоо, иреттөө, жакында өткөрүлүүчү шаардын 80 жылдыгына карата алгылыктуу даярдыктарды көрүү иштери ошондой эле жылына аткарылып жаткан камсыздандыруу боюнча аткарууну көзөмөлдөө тиешелүү жетекчилерге дайындалды.

           Бул аппараттык жыйын шаардын социалдык жана тарбиялык турмушундагы маанилүү маселелерди талкуулоо жана координациялоо максатында өттү.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *